ЖКнын депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин иши шаардык сотто сентябрь айынын ортосунда каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев бүгүн, 22-августта бизге билдирди. “Отурум мындан эрте болушу мүмкүн эмес. Азырынча так датасы белгилене элек”,- деди ал.
Эске сала кетсек, 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Түлеевдин жактоочулары шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.