Кыргызстанда 5-11-класстын окуучуларын китеп менен толук камсыз кылганга 3,4 миллион китеп керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында аталган министрликтин Мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди. Айтымында, жаңы окуу жылына кыргыз тилинде 1 миллион 726 миң 86 китеп керек болсо, орус тилинде 1 миллион 206 миң 199 китеп, өзбек тилинде 515 миң 334 китеп керек.