21-25-август күндөрү Ысык-Көлдө "Бирдиктүү Кыргызстан" аттуу республикалык жаштар форуму өтөрүн Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын негизги максаты - жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттүүлүктү чыңдоо үчүн Кыргызстандын жаштарын бир пикирге келтирүү, бири-бирин түшүнүү жана ишенимди чыңдоону күчөтүү. Иш-чарага катышуу үчүн жаштар иштери боюнча мамлекеттик структуранын өкүлдөрү, жаштардын коомдук бирикмелеринин лидерлери, активисттер, жаш окумуштуулар, искусство өкүлдөрү чакырылган.