Коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында АКШдан техникалык көмөк алуу каралууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, "кызматташуунун алкагында америкалыктар Кыргыз өлкөсүнө коргонуучу каражаттарды, операцияга керектүү бет каптарды, №95 атайын маскаларды, медициналык кол каптарды, коргонуучу халаттар менен көз айнектерди, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттарды берет", - деп айтылат маалыматта.