Баткен облусунда 1400дөй субъект ишин жандантты

Баткен облусунда 1400дөй субъект ишин жандантты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов бүгүн,15-майда брифинг учурунда билдирди.

"Коронавирус оорусунун экономикалык абалга тийгизген таасиринин алдын алуу максатында Баткен облусунда 1-майдан тарта 1500, 11-майда 1400дөй субъект ишин жандантты", - деди ал.

11-майдан тарта негизинен 4 тармак иштеп баштаган.

Алар:

26 микрофинансылык уюм;

246 күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү сантехника, монтаждоо, оңдоо, тазалоо, унаа жуучу жай;

Курулуш материалдарын, унаа тетиктерин сатуучу түйүндөр 300гө жакын;

Такси кызматтар 800.

Бул тармактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Esenali
2020-05-15 19:29:04
Жеке ишкерлерге кичине жардам болгондо жакшы болмок баары жок кымбатчылык эч нерсе кыла албай калдык
+3
raum
2020-05-15 21:33:14
800 такси кызматы дегенди кандай түшүнсө болот? Баткенде 800 такси иштеткен ишкана жок болуш керек. Же ар бир таксист ошондо бир ишкана болуп эсептелип калабы?
+3
jalguzum
2020-05-15 23:50:14
Баткенде 1400ишкана барбыкен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан