Түштүк Корея эки күндүн ичинде коронавирустун үчүнчү ири очогу болуп калды. Биринчи орунда Кытай турары маалым, экинчиде карантинге токтотулган круиздик лайнердин жүргүнчүлөрүнүн эсебинен Япония турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда жаңыдан 87 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы вирусту жуктуруп алгандардын саны 433. Үч күн мурун Түштүк Кореяда вирусту жуктургандардын саны 50 болчу. Аталган өлкөдө Тэгу шаары башкы очокко айланды, анда 2,5 миллионго жакын адам жашайт.
Түштүк Кореянын бийлиги коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кетүүсүн Синчонжи деп аталган диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырууда. Тэгу шаарында вирустун булагы болуп аталган уюмдун 61 жаштагы мүчөсү болгон деп айтылууда. 10-февралда эле анда инфекциянын белгилери байкалып, бирок ал эки жолу тест тапшыруудан баш тартып койгон. 18-февралда ага коронавирус жукканы аныкталган, анткен менен ага дейре ал эки ирет миңден ашуун адам болгон диний сыйынуу жөрөлгөсүнө катышканы маалым болгон. Азыркы тапта инфекциянын белгилери дагы 500дөн ашуун уюмдун мүчөсүндө байкалууда. Бул аралыкта Синчонжи Тэгу шаарындагы ишмердигин, тагыраагы адам көп чогулган сыйынууларын токтотту. Тэгу шаарынын бийлиги тургундарын көчөгө көп чыкпоосуна кеңеш берип, бала бакчаларды жана китепканаларды жапты.
Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тартып, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.