Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавирус жуктурган 3 жаран менен чогуу 135 эмес, 144 киши келген экен"

Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында министр 12-мартта келген рейсте толук такталган маалымат боюнча 135 эмес, 144 жүргүнчү келгенин айтты.

"Учакта такталган 144 киши келген, анын ичинен 142 киши текшерилди. Обсервацияга жаткырылды. 2 киши Өзбекстанга чыгып кеткен экен. Биз аталган өлкөгө кат жөнөтүп алардын жүргөн жерин аныктоо өтүнүчүн келтирдик. 142 адамдын баары азыр көзөмөлдө. Бул жүргүнчүлөрдүн баарынан анализ алынды, 3 жарандан коронавирус аныкталып, калганынан анализдер таза чыкты", - дейт министр.

Министрдин айтымында, учурда Жалал-Абад облустук ооруканасындагы инфекциялык бөлүмүндө коронавирус жуктурганы аныкталган 3 жаран дарыланууда. Мындан тышкары дагы 3 жаран дене табы көтөрүлгөндүктөн ооруканага жаткырылган, аларда бул илдет аныкталган эмес, бирок дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-03-19 09:46:19
Өзбекстанга билдирип койгула 2 адамды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан