Ош. Кара-Суу районунун жараны 26 килограмм баңгизат менен колго түштү

Ош ОИИБинин кызматкерлери 21-август күнү “Ууру” жана “Кара куурай” аттуу профилактикалык иш-чараларды жүргүздү. Анда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургуну 1961-жылы туулган Х.М. аттуу жарандын үйүнөн баңгизаттар табылган. Ошондой эле  салмагы 26 килограммды түзгөн эгилген кара куурай, мындан сырткары ажаткананын чатырынан бут кийимдин кутусуна катылган 195 грамм баңгизат табылган. Учурда ал жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан