Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6,8 миң бала мектепке барбайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында аталган министрликтин Мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди. Айтымында, Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 миңден ашуун бала бар. Алдардын 4,5 миңи мектептерде, 2,7 миңи атайын мекемелерде, 1 миңи үйлөрүндө билим алышса, 6,8 миңи билим алышпайт. Ошондой эле өлкөдө 1126 бала мектепке барбай, иштеп жүрүшөт.