Коронавирустун айынан Япониянын Жогорку Лигасында (J1 League) ойногон командалардын беттештери токтотулду. Мындай чечимди футбол боюнча Япониянын Жогорку Лигасынын жетекчилиги кабыл алган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Бүгүн, 25-февралда Япония Жогорку Лигасынын жети оюну болмок. Аталган өлкөдө коронавирус күч алып жаткандыгына байланыштуу беттештер токтотулган. Жогорку Лиганын жетекчилиги март айынын ортосуна чейин футболду токтотуп турууну карап жатат.
Маалыматка ылайык, Японияда коронавирус жуктургандардын саны 850 кишиден ашкан. Алардын көпчүлүгү (691 адам) "Diamond Princess" круиздик лайнеринде катталган. Бул круиздик лайнерден коронавирустун айынан төрт киши каза болгондугу кабарланган.
Буга чейин коронавирустун айынан Италияда да футбол токтотулган.