Бразилияда сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды

Коронавирус инфекциясы башталгандан бери Бразилияда биринчи жолу сутка ичинде бул илдеттен каза болгондордун саны миң адамдан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул өлкөдө сутка ичинде 1 миң 179 адам коронавирустан каза болду. Буга чейинки рекорд 12-майда катталган. Анда сутка ичинде 881 адам каза болгон. Ал эми бир күн ичинде 17 миң 408 адамдан инфекция аныкталды.

Учурда Бразилияда илдетти жуктургандардын саны 271 миң 885ке жетсе, анын 106 миң 794ү оорудан айыкты. 17 миң 983 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан