Казакстандык олигарх Мухтар Аблязовду күрөөгө коё берүү боюнча берилген арызды канааттандырган жок. Сот Аблязовдун коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Айта кетсек, "Казакстандан миллиарддаган доллар уурдап качып кеткен" деп айыпталып жаткан Аблязов июль айында Украинадан кармалган эле. Аблязовдун экстрадицияланышын Орусия менен Украина да талап кылууда.