31-август - Эгемендүүлүк майрамына карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы спорттун бир канча түрү боюнча спорттук мелдештерди өткөрүүдө. 22-августта иш-чаранын ачылышы болгонун мекеменин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков айтты. Мелдештерге кичи футбол, ок атуу, чуркоо жана башка спорт түрлөрү боюнча укук коргоо кызматкерлеринен түзүлгөн 10 команда катышууда. Мелдештин жыйынтыгы 31-августта чыгып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.