Биз социалдык тармакта

Муфтият: "Ажылык сапарга мурда барып жүргөндөр дагы, жаңыдан аттанып жаткандар дагы бирдей сумма төлөшөт"

Быйыл ажылык сапарга мурда барып жүргөндөр дагы, жаңыдан аттанып жаткандар дагы бирдей сумма төлөшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.

“Мурда зыяратка экинчи жолу барып жаткандар 540 доллар төлөп келишсе, эми бардык жарандарга бирдей эле 350 доллар өлчөмүндөгү баа коюлду. Башкача айтканда, ажылыкка мурда баргандар дагы, биринчи жолу аттанып жаткандар дагы жалпысынан 3 миң 350 доллар төлөшөт”, - дейт бөлүм башчы.

Ажылык сапардын баасы 3 миң 350 доллар деп бекитилген. Маалым болгондой, быйыл Кыргыз өлкөсүнө 6 миң 110 квота бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tymar
2020-02-26 12:19:34
Эч кандай фактыга негизделбеген диний идеяларга, мистикаларга ишене бербейлик. Бейишти эч ким коргон эмес. Кудайга ишенген нукура Кыргыздар бугункудой ашкере исламчыл болушкан эмес. Азыр мечиттерге барып арабча хадисттерди, дубаралды берилип жаттап, аны кайталап олтурушат. Мунун баары арабташтуруу саясаты болуп жаткандай. Арабча дубалар менен жакшы турмуш бизде орнобойт. Жон эле куру кыял. Андыктан жаштарыбыз билимдуу болушсун.
-3
Asel69
2020-02-26 12:52:38
Муфтиятчылар арабтардын гана саясатын жургузуп жаткандай. Окунучтуусу азыркы кыргыз жаштар арабча дубаларга гана ишенип калышыптыр. Ооруп калышса деле, интернети иштебей калса деле, арабча дубаларды окуп коюшса иштеп калат имиш. Дуйно таанымыбыз каякты карап калган.
-5
make2
2020-02-26 13:44:18
Бул деген чон бизнес, өзунчө эле барган оң үч эсе арзан болсо керек.
+1
Kultegin
2020-02-26 13:48:11
Бул жерде отуруп алып жинди жамандап жазып аткан тенирчилерге тан калып деле болбой калды. Аллах баарыбызга ыйман берсин. Баарыбызга ажылык парзын аткарышын насип кылсын.
+4
chake
2020-02-26 14:15:55
эки эл бузар дүйнөдөгү элдин 2/3 бөлүгү тутунган ислам динин жамандасаңар эле жаман болуп калбайт кытайлар мусулмандарды кордоп эмне пайда тапты айткан сөзүңөрдүн зыянын көрүп калбагыла абайлап сүйлөгүлө тилде сөөк жок
+1
Aikaaaa
2020-02-26 16:25:49
chake,кудай сактасын, таба кылбаңыз. Мусулмандар оорубайт деп ким айтты? Караңгылыктын жеткен чеги го
+1
Ka2sr1
2020-02-26 17:29:46
Ислам дини билим, технологияны жактагандын ордуна, тээ орто кылымдагы урп адаттарды, эрежелерди жактап журот. Ошон учун жакырчылыктан чыкай келебиз.
+2
Taalai94
2020-02-26 21:55:42
Ka2sr1,А Дубайчы же дагы башка олколор исламды туура колдонгон олколорчу? Аларда жакырчылыктан чыкпай келеби?
+2
Tolik777
2020-02-27 11:30:13
Taalai94,Бизде нефт болгодо Дубайдан ашып тушмокбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан