Биз социалдык тармакта

Ажылык сапардын баасы 3 миң 350 доллар деп бааланды

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 доллар деп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы кабарлады.

2019-2020-жылы 500 доллар төлөп кезек күтүп тургандар, калган 2 миң 850 долларды 26-февралдан тартып 17-мартка чейинки убакытта РСК банкына төлөшү керек.

"Сауд Арабия виза, медициналык камсыздандырууну акылуу кылып Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйыл жогорулады. Былтыркы жылы ажылык сапардын баасы 3 миң доллар деп бааланган", - деди маалымат катчы.

Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай, Баткен райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак району жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийген же тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөшү керектигин эскертет.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 6 миң 110 квота бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aerforce
2020-02-26 07:48:02
Чынбы тогунбу Меккеде кыргыздарга тамак аш конок уй бекер деди эле кыямат кунго чейин анан 3 500 доллар жол кирегел ошончо кетеби? Ошол жонундо маалымат алып бераласыздарбы?
+7
Aikaaaa
2020-02-26 08:17:31
Бул да бизнес! Деги коронавирус дүйнөгө тарап жатканда, жапырт өлкөдөн чыгып, жуктуруп келбесеңер эле болду, байкагыла!
-1
nazarKGZ
2020-02-26 09:37:19
Кудайдын жолудан баары бекер болсо болбойбу дагы 5,6жылдан кийин 5мин доллар болсо керек
+4
titanik32
2020-02-26 09:48:25
Охоо ошондо Кыргызстандан эле ажылыкка 20 млн ашык доллар кетет экен да.Арзаныраак болбойбу.15 күндүк умрага 1200$ экен,ажылык сапарга 2500$кылса болбойт беле.
+5
Asel69
2020-02-26 11:14:30
Келгиле өлкөбүзгө мечит, сыйынуучу жайларды эмес, оору кана, мектеп, чакан иш каналарды көбөйтөлүк, мечиттерге барып арабча дубаларды окугандан жашоо турмуш жакшырган жок. Жаштарды светтик билим менен тарбиялаган туура болот. Светтик маданиятка тарталык. Динге берилип куру кыялга бата бергендин кереги жок. Кунуго Беш маал мечитке барып сыйынгандан коро, кунуго беш адамга пайдалуу иштерди кылсан ошол сага пайда.
+3
Samatalibei
2020-02-26 15:02:15
Asel69, Өзүңдөн баштайлы бир күндө канча адамга кандай пайда бердиң далил барбы деги? Мечит кургандар кура берсин алар мечит курса сен садик мектеп кур алардан кемсиңби? Мусулмандар беш маал намаз окуп сыйынгандан бир сага эмне зыяны тийипатат! Азыр эркин жашоо, эчкимди зордоп мечитке сүйрөп барган жок ар ким өз акылы менен кайда барат барыпатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан