26-февралга карата республиканын аймагында коронавирус менен жабыркагандар катталган жок. 566 жаран медициналык кароодон өтүп жатышканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Стационардык көзөмөлдө 158 адам, жашаган аймагы боюнча 408 адам медициналык кароодон өтүп жатышат.
Ооруларды алдын алуу жана дарылоо департаментинин улуттук вирусологиялык лабораториясы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл менен биргеликте тест-систем аркылуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Текшерүүдөн өткөндөрдүн баары тең жакшы жыйынтык көрсөтүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
Япониядан, Түштүк Кореядан, Ирандан, Италиядан (бул тизме эпидемиологиялык абалга жараша толукталмакчы) келген жарандарды карантинге алуу 21-февралдан баштап ишке киргизилди. Ал эми Кытайдан келгендерге мындай чектөө мурда эле киргизилгени маалымдалган.