Германияда карантин чаралары 7-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын жазган маалыматына ылайык, аталган өлкөдө карантин чаралары 7-мартка чейин узартылганын жыл жыйынтыгы боюнча жыйында канцлер Ангела Меркель айтты.
"Карантиндик чаралардын негизинде ресторандар, кафелер, театрлар, сулуулук салондору, музейлер жана кинотеатрлар жабык бойдон калууда. Ал эми жеке соода жайларына чектөө киргизилген. Окуучулар онлайн окууну улантышууда", - деп жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Германияда 2 миллион 314 миң 632 адам илдетке кабылып, 63 миң 672 бейтап каза болгон.