Кара-Көлдөгү автокырсыкта сууга агып кеткен 2 адам табыла элек

Кара-Көл шаарындагы автокырсыкта Кара-Суу дарыясына агып кеткен 2 адамдын денеси табыла элек. Муну 23-августта ӨКМ кабарлады. Эскерте кетсек, 21-августта Ош-Бишкек жолунда ири автокырсык болуп, 7 адам каза болгон (эң кичүүсү 3 жашта). Ичинде 8 жүргүнчүсү бар автоунаа сууга түшүп кеткен эле. Каза болгон эки адам сууга агып кеткен. Бүгүн 16 куткаруучу сууга аккандарды издеп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан