Айнуру Алтыбаева, депутат: "Коррупцияга каршы күрөшүүгө бирдиктүү аянтча түзүү зарыл"

ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева коррупция темасында Бишкекте өткөн семинарда коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүн координациялоо зарыл экендигин айтты. Депутат мамлекеттик башкаруу органдарынын көптөгөн институттары коррупцияга каршы саясий эркин жарыялап жатканын аларды иретке келтирүү зарылдыгы келип чыкты деп эсептейт.

"Азыр ар бир институт же аянтча паракорлук жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылууда. Бирок айрым ыйгарым укуктары жок болгондуктан, алар бир күч болуп биригип, аракетин координациялай албай жатышат”, - дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан