Декларация: Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Бактыгүл Аманалиева бир жылда 559 миң сом маяна алыптыр
Тапшырган декларациясына таянсак, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Бактыгүл Аманалиева 2012-жылы иш ордунан 559 629 сом киреше тааптыр. Ал 101 чарчы метр жерди ээлеген үйгө ээлик кылат. Унаасы тууралуу маалымат берилген эмес. Аманалиеванын жакындары былтыр 876 185 сом киреше табышса, 61,1 чарчы метрди ээлеген батирге ээ. Алардын автоунаасы - 1991-жылы чыгарылган Ауди.