Саламаттыкты сактоо министрлиги Италиядан келген жарандарды аэропорттон эле текшерип өткөрүп жиберди деген окуяга түшүндүрмө берди

Бүгүн, 27-февралда эртең менен Италиядан 2 Кыргыз жараны келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирип, өлкөгө кирген жарандарды аэропорттон тепловизор менен текшерип эле жөнөтүптүр деген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган окуя боюнча билдирүү жасап, такталбаган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салбоого чакырат.

"25-февралда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Италиядан келген эки жаран өз ыктыярлары менен кайрылышкан. Аларда оорунун эч кандай клиникалык белгилери жок болгондуктан, коронавирусту аныктоо үчүн тест алынган. Жыйынтыгы жакшы деп чыгып, жарандардын дене табы нормалдуу болгондуктан, жашаган аймагы боюнча медициналык кароодон өтүп туруу үчүн жөнөтүлгөн.

27-февралда инфекциялык ооруканага дагы бир жаран кайрылган. Ал 13-24-февраль аралыгында Италияда болгонун, Бишкекке 25-февралда таңкы саат 03:00дө келгенин билдирген. Ал дагы текшерүүдөн өтүп, коронавирус аныкталган эмес. Түшүндүрүү иштеринен кийин ал жашаган аймагы боюнча медициналык текшерүүдөн өтүп турат деп бошотулган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу анализдерди күндө жүргүзүп турат. 24-февралда Түштүк Корея, Япония, Иран мамлекеттеринен келген жарандарга, ал эми 25-февралда Италиядан келген жарандарга карата чектөө киргизилген. Мындан улам Италиядан келген жарандар аэропорттон текшерилип, андан ары жашаган жеринен медициналык кароодон өтөт деп коё берилген.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус менен жабыркагандар катталган жок. Абал туруктуу. Өлкөдөгү 22 санитардык-карантиндик пункттар күнү-түнү иштеп, анда 500дөн ашуун дарыгерлер нөөмөттө турушууда", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aimani
2020-02-27 16:48:16
Өзүлөрү барыптыр да. Уят эле. Симптомдору жок болсо да 29 күнгө карантинге кармаш керек. Эми канча киши менен контакт болот кийин билинсе. Кудай эле сактасын бизди
+4
Omush94
2020-02-27 16:53:32
А ошо эч нерсе билинбесе да карантинге алыш керекби? О Кореядагы кемедегилер не болду?
0
bema_bema
2020-02-27 17:20:17
Тестен 10 жолу таза чыккан аял ооруп калыптыр туштук Кареяда. Ошентип киргизе бергиле жегичтер.
+5
shankol88
2020-02-27 17:30:26
Биздин медицина өнүккөн бир текшергенде эле билип койушат,
+1
Gulipa
2020-02-27 18:18:27
Таза чыкканы чын болсун! Аллахым озу сактасын Кыргызстанымды
+3
JaneEr
2020-02-27 18:35:42
Баарибир 14 кун карантин милдеттуу эле!
+3
aydinnur
2020-02-27 19:44:43
Башка олколор оору чыккан олколордон келген жарандарды белги барбы-жокпу 14 кунго карантинге алып жатса..Министирликтин жообуна баракелде(((Дагы озу келген экооно рахмат,значит буларды аэропорттон текшергени деле жалган го...Токтоосуз отставкага кетиши керек болуп калыптыр минздравтын жетекчилиги..
+3
XAN-TORO
2020-02-27 21:35:15
Менин жеке оюмда Италияга карапайым эл бара албайт. Барган адамдын акчасы бар ошо алар кайтып келишсе озулорунун акчасына эле карантинге алгыла акча жок бюджетте деген шылтоону айта албай жатсанар
0
guard
2020-02-27 23:02:55
Озулору келди, биз текшердик дейт. Чет олкодон келгендердин температурасын текшерсек жок экен, жиберип жатабыз деп доодуроп атышат да, кыйын иштеп жатышкан экен. Окунучтуу, кандай айла кылабыз эми, болбой эле Кытайлар кирип жатышыптыр, озубуз барып чек араны кайтарабызыбы эми?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан