Бишкек шаарында коронавирус илдетин дарылоо боюнча 12 стационар иштеп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
"Жыл башынан бери 17 миң 293 адам үй карантинине алынган. Анын ичинен карантиндин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 13 миң 921 адам үй карантининен чыгарылган. Учурда байкоодо 4 миң 484 адам турат. Алардын ичинен 1 миң 504 жаран ПЦР анализинин оң жыйынтыгы аныкталганына байланыштуу үй шартында көзөмөлдө. Бишкек шаарынын аймагында 23 мобилдик бригада иштеп жатат.
Андан сырткары шаарда коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылоо максатында 1 миң 275 орундуу 12 стационар иштеп келет. Бүгүнкү күндө ал стационарларда 867 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 551 бейтаптын акыбалы орточо оор абалда, 249 бейтаптын абалы оор, 67 адамдын абалы өтө оор, 84 бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Стационарларда жалпы 408 бош орун бар", - деп билдирди Шамырканова.