Өмүрбек Текебаев: "Акимдин кадыр-баркы каржылык ыйгарым укуктарды алуу менен көтөрүлүп кетпейт. Алар эл менен иштеше билиши керек"

ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев өкмөт сунуштап жаткан аймактык-административдик реформанын концепциясында карама-каршылыктар бар деп эсептейт. Муну депутат 23-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун талкуулаган тегерек столдо айтты. Айтымында, сунушталып жаткан демилгенин объективдүү себептери жок, аким менен облус башчысына тиешелүү гана сунуштар бар. Текебаев Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашевдин "прокуратура 130 айыл өкмөт башчысына кылмыш ишин козгоду" деген сөзүн мисал келтирип буларды айтты: "Ошондуктан акимдерге каржылык ыйгарым укуктар сунушталып жатыптыр. Мындайда ал кантип айыл өкмөт башчысын мыйзам бузба деп айтып, ишин текшере алат". Депутаттын айтымында, акимдин кадыр-баркы каржылык ыйгарым укуктарды алуу менен эле көтөрүлүп кетпейт. Андан көрө эл менен иштеше билгенде көтөрүлөт. Айыл өкмөтү да кадыр-барктуу болушу керектигин айтып "Айыл өкмөт башчысын эл шайлабаса жана кадыр-баркы жок болсо, ал кантип көйгөй чече алат?" деди Текебаев.  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан