Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавируска байланыштуу медициналык бет каптар боюнча маселе бар"

Учурда Бишкекте коронавирус темасы актуалдуу болуп жаткандыктан, шаар ичиндеги дарыканаларга барып "медициналык бет каптар барбы?" деген суроо салдык. Сурамжылоого катышкан 10 дарыкананын 9унда бет каптар жок болуп чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы бүгүн, 28-февралда маалымат жыйынга катышып жаткан Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге "Борбордогу дарыканалардын көбүндө медициналык бет каптар жок экендигине күбө болдук. Буга чейин министрлик 500 миңден ашуун бет кап бар деген маалыматын берди эле. Эмне себептен медициналык бет каптар жетишсиз болуп жатат?" деген суроо берди.

Министр Чолпонбаев медициналык бет каптар боюнча чынында эле маселе бар экенин айтты.

"Ооба, көйгөй бар. Бирок буюрса, ал көйгөй чечилет. Учурда 160тан ашык ооруканада 40 088 бет кап бар. Мындан тышкары ал жерде 3 миңден ашык коргонуучу кийимдер бар. Ошондой эле 44 миңден ашык респиратордук маска турат.Бул ооруканалар боюнча, ал эми фармацевтикалык дүң складдарда 160 миңдей бет кап турат. Бирок аларга дагы чектөө коюлган. Рынокто 127 миңдей бет кап бар. Кээ бир дарыканаларда бет кап чынында жок болуп жатат. Анткени коронавирус башталганга чейин медициналык бет каптарды Орусиядан, Кытайдан, Казакстандан алып келчүбүз. Учурда ал жактар экспортту токтотуп коюшту. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн чыкпайт. Азыркы күндө иш аракеттерди кылдык. Жакынкы арада бул маселе чечилет. Белгилей кетүүчү нерсе, медициналык бет капты ооруган, чүчкүрүп, жөтөлгөн адам башкаларга жуктурбаш үчүн тагынышы керек. Баары бет кап кийсин деп айткан жокпуз. Чууга алдырып, дарыканалардан баары сатып алышып, жок калып жатат. Дагы айта кетейин бет капты ооруган киши гана тагынып, алмаштырып туруусу керек. Мен азыр бул жакка келерден мурун чоң 15 компанияны жыйнап текшерип, кандай шарттары бар, бет каптарды кандай алып келели деген суроонун тегерегинде маселени талкуулап келдик. Буюрса, бул меселе чечилет", - дейт министр.

Сурамжылоо: Бишкектеги дарыканаларда бет каптар барбы?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gsuita
2020-02-28 16:16:32
Бет кап 20 сом болуп калыптыр даанасы
+1
marmilantka
2020-02-28 16:19:22
Чынында еле Бишкектеги көп аптекалдардан бет кап таба албай койдук.Ушулбу силердин даярдыгыңар оозунарды толтуруп даярбыз деп кайсыл бетинер менен айтып жатасыңар.Дагы ооруган адам кана тагынуусу керек деп койосунар да ар ким өзүнүн ден соолугу үчүн иштетет да.Эчак еле чондорунар алып үйлөрүнө жицип койушкандыр.
+2
marmilantka
2020-02-28 16:22:30
Башка мамлекеттерден експорттолбой калды деп олтура бербей балким өзубуздун тигүүчү цехтер менен сүйлөшүп иштеп чыгарса болсо керек.Биз кичинекей бизде мектепте окуп жүргөн кезде апаларыбыз марли менен сонун кылып тигип беришчү.
+3
Kyrgyz_bloger
2020-02-28 16:29:16
Акча учун жанын берген эл душмандары бизнес учун уйуно жыйып алышты да,масканы миндеп алгандарды камаш керек,лалафодо 20мин 500мин маска бар сатылат дегендер каяктан алган.
+2
titanik32
2020-02-28 19:46:07
Эми чет олкого шарманда болбойлу да,бизди Аллах өзү сактасын.Жанакы Аскар Салымбеков деген өткөндө өзүн Кытайларга крутой көрсөтүп Кытайга 50 миң маска жөнөткөн эле.Адырандабай коё туруш керек эле да маска жөнөтпөй.Ансыз да кытайлардын баарына жетбептир го.Ошону Кытайга жонотбой турса өзүбүзгө жакшы го.
+2
arno2008
2020-02-28 21:19:41
Кудай сактасын бул коркунучтан.Өткөндө эле бизде баары дайын деп жанын жеп кытайларды кийрип атышпады беле бети жоктор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан