Коменданттык сааттан кийинки Бишкектин ар кайсы көчөлөрүндөгү көрүнүш (видео)

25-мартта саат 20:00дөн баштап коменданттык саат күчүнө кирди. Өзгөчө абал тартибинин алгачкы күнү Бишкек шаарында кандай өтүп жатканын видеолордон көрүңүз.

Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган видео.

Бишкектеги Сухэ Батор көчөсүндөгү көрүнүш.

Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен тартылган учур.

Бишкектин 7-апрель көчөсү.

Коменданттык саат учурунда жарандардын жана бардык унаалардын (укук коргоочулар, сакчылар жана медицина кызматкерлерин ташыган унаалардан башкасы) кыймылы тоткотулган. Тыюу салынганына карабай, мыйзам бузууга жол берген айдоочулар укук коргоочулар тарабынан кармалды.

Бишкектеги Горький көчөсү, коменданттык саат учурунда.

Ош шаарындагы коменданттык сааттын алгачкы күнү.

25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aikaaaa
2020-03-26 00:58:33
Жүрөктү оорутат го, ыйлагым келди болгон видеолорду көрүп. Ошол үчүн сен ооруба мен ооруюн Ата Журт дейт экенбиз да, буюрса бул күндөр да өтөөр. Жакшы, бейпил, кайгысы жок күндөргө да жетээрбиз!
+14
murat17
2020-03-26 02:19:42
биз мындай коменданттык сааты 2010 коргонбуз
+4
nazgul1905
2020-03-26 13:39:10
Туура жазганды уйронгулочу 20-00дон саат 8-00 деп жазгылачы
0
PROS
2020-03-26 23:45:25
nazgul1905, туура окуганды үйрөнүңүз)) 25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин деп турат. Башкача айтканда, 25-март эрте менен башталып 15-апрель эрте мененге чейин. (21 күн)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан