Социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда шаарда 20 582 пенсионер бар. Аларга берилген пенсиялык төлөмдүн орточо көлөмү 4377 сом. Бир айда шаардагы пенсионерлерге 86 миллион 607 сом акча берилет. Бул тууралуу мэриянын каржы, экономика жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Замирбек Абжошев билдирди.