Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 14 күнгө карантинге алынды. Ал бир күндүк расмий иш сапары менен Кытайга барып, 27-февралда кайтып келген деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын тартибине ылайык, өлкө башчысынан, анын жан сакчыларынан жана коштоп баргандардан медициналык тест алынды. Андан кийин президент жана анын командасы атайын медициналык жайга жеткирилип, 14 күнгө карантинге алынды.
Маалым болгондой, президент Улан-Батор шаарындагы клиникага, ал эми өлкө башчы менен иш сапарга барып келгендер Хан-Уул районундагы санаторийге жаткырылган деп жазылат маалыматта.