Бир суткада 1 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 6 миң 872 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды. Алардын ичинен бир суткада үй карантинден 3 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча 6 миң 764 медицина кызматкери айыгып чыккан.