Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министрине ШКУнун саммитине сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-августта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушууда министр өлкө башчыга 11-12-сентябрга пландаштырылган Кытай республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга биринчи жолку расмий иш сапарын жана Бишкекте 13-сентябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент КЭРдин төрагасынын Кыргызстанга келишине жана ШКУнун саммитин өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан