Сабырдуу адамдардан сабыр кеткенде. Японияда кезек күткөндөр медициналык бет кап талашып, мушташып кетишти (видео)

Коронавируска байланыштуу Японияда абал курчуп жаткан маалда медициналык бет кап сатып алуу үчүн кезекке турган адамдардын мушташкан видеосу интернет айдыңына тарады. Видео тууралуу Япониянын Фукуока шаарында жашаган мекендешибиз Асел Минагава SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.

"Маалыматка караганда, япониялык түгөйлөр медициналык бет кап алуу үчүн кезек күтүп турушкан. Ошол жерден кытайлык туристтер кезекти күтпөй, соода кылып башташкан. Сабыры кеткен япондуктар кытайлар менен мушташып кетишкен", - дейт Асел.

Ошондой эле учурдагы Фукуока шаарындагы кырдаал тууралуу кыскача маалымат бере кетти. "Учурда Японияда эл дүрбөлөңгө түшүп, даарат кагазы, нымдуу салфетканы көп өлчөмдө сатып алып жатышат. Көпчүлүк компаниялар жабылып, интернет аркылуу иштөөгө өтүштү. Айрым мектептер, бала бакчалар бир айга жабылды", - деди мекендешибиз.

Аыркы маалыматтарга ылайык, Японияда коронавирус жугузгандардын саны 942ге (705 адам "Diamond Princess" лайнеринен жуктурган) жетип, 11 киш каза болду.

Япониялыктар менен кытайлар кезек талашып мушташты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2020-02-29 12:52:39
Кантсе да япон элине жете албайбыз. Ал учун кыргыздар жашоо образын озгортушубуз керек.
+7
Wibee
2020-02-29 13:56:31
Аллахтын эмне деген күчкө ээ,көзгө көрүнбөгөн нерсеси мн керек болсо адамзатты жок кылып жиберет.Ошол үчүн алдагандан калп сүйлөгөндөн зынаа кылгандан кылмыш уурулук кырлагдан корккулла ХХХХХХ)))))))))
-3
iryi1
2020-02-29 14:02:17
Жараткан Тенирибиз элибизге жакшы турмуш алып келсин.
-9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан