Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларын улантууда

Чүйдүн Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларын улантууда. Анда алар карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон алдын алуу чараларын көрүүдө.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер жергиликтүү тургундарга өз ден соолуктарына кам көрүүгө, ар бир адам өзүнө жана башкаларга коркунуч келтирбөөчү эрежелер камтылган баракчаларды таркатышууда. Ал баракчаларда жугуштуу илдетти алдын алуу эрежелери жөнүндө толук маалымат берилген. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн инфекциядан коргоо үчүн жасалуучу чаралар жазылган.

"Учурда айдоочулардын көпчүлүгү илдетти алдын алуучу эрежелерди сакташып, антисептикалык каражаттарды дайыма алып жүргөндөрү алдын алуу иштери өз натыйжасын берип жаткандыгынан кабар берет. Ар бир жарандын учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен жасаган мамилеси инфекциянын жайылышына жол бербөөгө салым болууда. Чүй облусунун ИИББи кырдаалдан чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп, сунушталган эрежелерди так сактоого чакырат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан