Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын билдиришинче, 1-мартка карата 86 979 адам вирусту жуктурса, 2 978 адам каза болду. Ал эми 42 131 адам ооруканадан дарыланып чыкты.
Коронавирустун 2-очогуна айланган Түштүк Кореяда учурда 3 526 адам вируска кабылды. Армения, Ирландия, Люксембургда биринчи жолу вируска кабылгандар катталды. Австралияда болсо биринчи өлүм катталды. 78 жаштагы Австралия тургуну япониялык "Diamond Princess" кемесинен 1 апта мурун эвакуацияланып келгени аныкталды.