Бишкек мэриясы билим берүү уюмдарын дезинфекциялоого 7 миллионго чукул каражат бөлдү

Бишкек шаарынын жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо максатында шаардык мэрия тарабынан 6 миллион 835 миң 800 сом бөлүндү. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева брифингде билдирди.

"Шаардык мэрия билим берүү уюмдарын дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо максатында 6 миллион 835 миң 800 сом бөлдү.

Ал эми 9-декабрда Бишкек шаарындагы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, көмөкчү мектептерде жана жалпы билим берүүчү уюмдардын коррекциялык класстарында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын эске алуу менен реалдуу режимде окуу процессин улантуу жөнүндө чечим кабыл алынган", - деди вице-мэр Айжан Чыныбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан