SUPER.KG порталына бир канча адам ID-карта менен өлкөдөн Орусияга, Казакстанга чыгууга мүмкүнбү? деген суроолор менен кайрылышты. Окурмандардын кайрылуусуна өкмөттүн басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.
"Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга же Казакстанга ID-карта менен чыгууда эч кандай тоскоолдуктар жок. Каалаган учурда жарандарыбыз кете беришсе болот. Болгону чектөө биздин өлкөгө киргендерде гана болуп жатат. Тактап айтканда алар текшерүүдөн дыкат өткөрүлүп, анан өлкөгө киришүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин 1-марттан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салына тургандыгы айтылган. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалган.