"Вирустун күч алган мезгилине жете элекпиз, андан өтө да элекпиз". Казакстанда карантиндин мөөнөтү апрель айынын соңуна чейин узартылат

Коңшу Казакстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал тартибинин мөөнөтү апрель айынын соңуна чейин узартылат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 10-апрелде өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат жыйынында билдирди. Анда өлкө башчы коронавирустун күч алуу мезгилинен өтө электигин айтып, буларга токтолду.

"Менин буга чейин кол койгон жарлыгыма ылайык, 15-апрелде өзгөчө кырдаал тартибинин мөөнөтү аяктайт. Бирок эмитен эле өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн бери дегенде апрель айынын соңуна чейин узартуу керектиги түшүнүктүү болуп турат. Биз коронавирустун күч алган мезгилине жете элекпиз, андан өтө да элекпиз. Эпидемияга байланыштуу кырдаалды жеңилдетүүгө болбойт. Мындан улам карантиндин мөөнөтүн апрель айынын аягына чейин узартууну тапшырам.

Жарандардын сыртка чыгып, мурдагыдай жашоону улантуусун каалап жаткандарын түшүнүп турам. Бирок карантиндин эрежелерин сактап, өзүн изоляцияга алуудан башка азырынча амал жок экенин эскертебиз", - деди ал.

Жыйынга бардык облустардын, райондордун жана шаарлардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, жыйын онлайн видеобайланыш түрүндө өттү.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, ага ылайык өзгөчө кырдаал 16-мартта күчүнө кирип 15-апрелге чейин созулары маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ZUXRIDDIN20
2020-04-10 16:29:13
Бизделе Май айыны карантин менен өткөрөбүз бул кетиште
-2
KalenAlmaz
2020-04-10 17:24:13
ZUXRIDDIN20,сен жата бер.
0
Omar.
2020-04-10 19:12:33
Жакшы ниет кылып турайлы, буйруса 15-апрелде чыгабыз.
-1
nurali1989
2020-04-10 20:16:39
Сабыр тугоп кетип жатат. Кунумдук тиригилик кылгандар кантет
+2
Zaiyr118
2020-04-10 21:34:51
nurali1989,баары жакшы болот
+1
Aikaaaa
2020-04-10 21:38:40
Эми эмне кылабыз, баары эле эртерээк бүтүп калса экен деп атышат. Биздин оюбуздакыдай иш болсо, колубуздан келчү нерсе болсо бир жөн. Башка салганды көтөрөбүз да, тамашалашчу оюн эмес бул, эрегише да албайсың. Канча эрежени жакшы сактасак, баары өзүбүз, коом үчүн
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан