Министрдин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишева боюнча соттук отурум 27-августта өтөт

Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары, "пара алды" деп айыпталып жаткан Гүлнара Дербишева боюнча соттук отурум 27-августта өтөт. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, сот отуруму 22-августта болмок, бирок күбөлөрдүн келбегендигинен артка жылды. Буга чейин эки жолу сот иши болуп күбөлөр суралган эле. Айта кетсек, Дербишева бирөөдөн 7 миң доллар акча алып жаткан жеринен кармалып, пара талап кылуу, пара алуу беренелери менен айыпталууда.    

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан