"Кумтөр" жарым жылда өлкө казынасына 2,8 миллиард сом салды. Муну 23-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Салык, Соцфондго акча которуу жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн баарын кошкондо ишканадан бюджетке 2 миллиард 800 миллион сом түшкөн. Ал эми ишкана жарым жылда 5 тоннадан ашык алтын өндүргөн.