Бүгүн, 23-августта Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Өздүк булактарыбыздын маалымдашынча, шайлоого 21 депутат катышып, Нурдин Мадимаров 13 добуш алып утуп чыкты. Жаныбек Исаев менен Мирланбек Жолдошов жетиштүү добуш ала алышкан жок.