Түштүк Кореяда бүгүнкү күнгө алынган маалыматка ылайык, коронавирустан 29 адам көз жумуп, 4 812 адам жабыркап жатат. Учурда Тэгу шаарында коронавирус менен жабыркагандарды дарылоого ооруканаларда орун жетишсиз болууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары билдирген. Айтымында, өлкө бийлиги коронавирустун жайылуу масштабын алдын ала алган эмес.
"Тэгуда коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинен 1 800гө жакын адам ооруканага, медициналык жайларга барып, дарылана албай, кезек күтүп жатышат. Коронавирустун жайылуу масштабын алдын албаганыбыз үчүн чын дилимден кечирим сурайм. Мунун айынан учурда көптөгөн бейтаптар үйлөрүндө кезегин күтүп жатышат", - деген министрдин орун басары.
Учурда бул вируска каршы дарыланып жаткандардын ичинен 34 адам сакайды. Алдыда жөнөкөй жарандарды текшерүүнү күчөтүү мерчемделүүдө деп айтылат маалыматта.