Индияда коронавирус пандемиясы маалында төрөлгөн ымыркайга Санитайзер деген ысым коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ымыркайдын ата-энеси уулу төрөлгөн маалды ар дайым эстеп жүрүшөрүн айтышкан. "COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүдө көптөгөн техникалар: дарылар, санитайзер сыяктуу дезинфекция үчүн химиялык каражаттар колдонулууда. Кийинчерээк адамдар коронавирус тууралуу эстешкенде инфекциядан санитайзер жана бир катар химиялык каражаттар сактаган деп билишет", - деген баланын ата-энеси.
Ошондой эле үй-бүлө пандемия бардык адамзатка тиешелүү экенин айтып, уулун Санитайзер деп атоосу менен алар коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө салым коштук деп эсептешет.