Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы мечиттер жабыла баштады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.
Ага ылайык, бүгүн, 4-мартта эртең менен шаардагы мечиттер намаз окуучулар үчүн эшиктерин жапкан.
3-мартта Душанбе шаарынын борбордук мечитинин имамы Абдулхак Обидов жарандарды убактылуу мечиттерде намаз окубай турууга чакырып, мындай чечим коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн кабыл алынганын айткан. "Урматтуу мусулмандар, бизди туура түшүнүңүздөр. Бизге ушундай буйрук келди" деген имам.
Ал эмиТажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода мечиттердеги карантин тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, бирок зарыл болсо жума намаздарды өткөрбөй туруу чечими кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдирген.
Маалым болгондой, Тажикстанда коронавирус жуктургундар жок. Бирок өлкө бийлиги вирустун жайылышына жол бербөө максатында бир катар чараларды көрүп жаткандыгы айтылат. Буга чейин Тажикстанга Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген миңден ашык адам эки жумалык карантинде болуп чыгышкан.