Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов карантинге алынгандардын шарттары боюнча айтылган нааразычылыктар тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-мартта онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Мен эртең менен бардык видеолорду көрдүм. Анда айтылгандар чындыкка дал келбейт. Дубай-Бишкек каттамындагыларды Токмокко жөнөткөнбүз. 5 жылдыздуу мейманкана деп айтпайм, бирок, шарттары обсервациянын талаптарына жооп берет", - дейт министрдин орун басары.