Вице-премьер: "Муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлери ПЦР-анализ тапшырышууда"

Муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлери ПЦР-анализ тапшырышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифингде билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бала бакчаларда коопсуздукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Ыкчам штаб 5-июндан тарта бала бакчалар ишин жандандыруу тууралуу чечим кабыл алган. Бүгүнкү күнү мектепке чейинки мекемелер жарым жартылай ишке кирип, балдарды кабыл ала баштады. Ошондуктан, муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлери ПЦР-анализ тапшырышууда. Мындай нерсе жеке менчик бала бакчалардын кызматкерлерине дагы сунушталган. Бала бакчалардын имаратын дезинфекциялоо, балдарды кабыл алуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун уруксаты менен жүрүп жатат. Бала бакчага баланы кабыл алуу, анын ден соолугу боюнча маалымкаттын негизинде ишке ашырылат.

Санитардык талаптарды сактоо зарыл. Ата-энелерди сак болуу менен балдардын ден соолугун сактоого чакырабыз", - дейт Исмаилова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан