Италия өкмөтү өлкөдө коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу мектептердеги жана жогорку окуу жайдагы окууларды токтотту. Мындай чечимди аталган өлкөнүн Билим берүү министри Лучия Адзолина кабыл алган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Бизге мындай чечим чыгарыш оңой болгон жок. Биз Илимий-техникалык комитетинин чечими менен өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окууну 15-мартка чейин токтоттук", - деп билдирген министр.
Маалыматка ылайык, Италия, Кытай менен Түштүк Кореядан кийин коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө коронавирустун айынан 107 адам каза болсо, 3089 адам бул ооруну жуктуруп алган.