Өкмөттүн экинчи кризиске каршы программасы талкууланды

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги отурумунда өлкөнү каатчылыктан чыгаруу маселелери талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус илдетинен улам жаралган каатчылыкты жоюу багытында экинчи кризиске каршы программа иштелип чыкканын белгилеп, анда бардык тараптардын сунуш-пикири эске алынганын кошумчалады. “Алсак, бизнес коомчулуктан салыктарды жоюу, насыяларды төлөөнү жеңилдетүү тууралуу кайрылуулар келип түштү. Бирок бюджеттин киреше бөлүгүндө жоготуулар арбын экенин эске алуу менен келип түшкөн сунуштардын ичинен насыяларды төлөөнү жеңилдетүү багытына өзгөчө басым жасадык”, – деди.

Ошондой эле ал программанын алкагында кризиске каршы фонд түзүү каралып жатканына токтолду. “Фондго ички жана тышкы булактардан каражат чогултуу мерчемделүүдө. Чогулган каражаттын эсебинен ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Мындан тышкары кепилдик фонддун көлөмүн көбөйтүү да максатталууда”, – деп билдирди Эркин Асрандиев.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев иштелип чыккан экинчи кризиске каршы программада 14 миллиард сом ишкердик субъектилерине багытталарын белгилеп, каражаттар акыйкат бөлүштүрүлөрүнө күмөн санап жатканын кошумчалады.

"Мигранттар 2019-жылы 2 миллиард доллар которду. Бирок биз алар үчүн 10 миллион сом гана бөлүп бере алдык. Андыктан чет жердеги мекендештерди ушундай кыйын кырдаалда колдоо маселесине көңүл бурушубуз керек”, – деди депутат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан