Уханда коронавирустан айыккан адам каза болду

Кытайдын Ухан шаарында коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган адам каза болду. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Ухан шаарынын 36 жаштагы Ли Лян аттуу жергиликтүү тургуну 12-февралда коронавируска каршы күрөшүү үчүн курулган ооруканага жаткырылган. Бейтап айыгып, 14 күндүк карантинден чыккан. Андан кийин ал атайын борборго дагы эки аптага кошумча карантинге алынган. Каза болгон жарандын жубайынын айтымында, жолдошу айыгып, үйүнө келгенине 2 күн болгондо өзүн жаман сезген. Дароо ооруканага барганы менен ал каза болуп калган.

Ухандын саламаттыкты сактоо комиссиясы тарабынан берилген күбөлүктө маркумдун өлүмүнүн себеби коронавирус экени айтылган. Анда бейтаптын дем алуусу кыйындаганы жазылган.

4-мартта Ухандагы убактылуу иштеп жаткан клиникалардын бири чукул билдирүү жасап, буга чейин коронавирустан айыккандар кайра ооруканага келип түшкөндүгү айтылган.

Кытайдын саламаттыкты сактоо жана гигиена маселелери боюнча мамлекеттик комитети коронавирустан айыккандар кайрадан жабыркап калган 200гө жакын факт катталганын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bekturbek
2020-03-06 08:48:45
Ажалың жетсе чүчкүрүп да же жыгылып да өлүп кетебересиң!
-2
Suzak12
2020-03-06 11:36:00
Bekturbek,Ал айтканында туура бирок сактанганды кудай сактайт дейт.
+7
mirkaa5182
2020-03-06 10:18:18
Тобоо кылдым, айыкты дегендерге деле ишениш жок болуп калды.
+11
NURSAPAR
2020-03-06 10:45:21
Коронасынан Кыргызымдды кудай сактасын.
+12
taalay25
2020-03-06 12:22:25
Ал атайы спецслужбанын лабораториясында даярдалгаг вирус дегени чын окшойт
+10
katerina.li
2020-03-06 16:22:43
taalay25,вирустардын баарын Америка тараптан жасалат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан