Орусияда биринчи жолу коронавирустан айыккан бейтаптан кайрадан инфекция аныкталды

Орусиянын Бурятия Республикасында коронавирустан айыккан бейтаптан кайрадан инфекция аныкталды. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Татьяна Симбелова жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Дарыгердин айтымында, бейтап 21-апрелде эки жолу тапшырган тести таза болгондон кийин ооруканадан чыгарылган. 16 күндөн кийин анда коронавирус инфекциясынын белгилери пайда болгон. Текшерүү учурунда андан коронавирус аныкталган.

"Азыр бизде суроолор бар. Бул кайрадан жукканбы же инфекция кайталанганбы?" - деген Симбелова.

Бул Орусияда коронавирус менен кайрадан ооруган биринчи учур.

Түштүк Кореянын илимпоздорунун тыянагы боюнча, коронавирус менен кайрадан ооруса, ал башкаларга коркунуч туудурбайт. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы экинчи жолу 350 адамдан аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан