Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш жана алыш күрөш боюнча өлкө чемпиондугу коронавирустун айынан башка убакытка жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл көк бөрү боюнча мелдеш 13-21-март күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда, ал эми Алыш бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 9-10-март күндөргө пландалган.