"Биз да алдыңкы фронтто эле жүрөбүз". КТРКнын журналистинен коронавирус аныкталды

Коомдук телерадиокорпорациясынын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Телеканалдын директору Жайнак Үсөн уулуна байланышканыбызда ал маалыматты тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

"Ооба, тилекке каршы кызматкерибизден инфекция чыкты. Бирок оору жеңил формасында өтүүдө, ал ооруканада дарыланып жатат. Аны менен жакын жүргөн эки адамда да оору болушу мүмкүн деп анализ тапшыртып, үйлөрүнө обочолонууга жөнөтүлдү. Мекеменин ичи дезинфекцияланып, башка кызматкерлер да анализ тыпшырып жатышат. Бирок биз штаттык режимде эле иштеп жатабыз.

Башка журналисттерди да сак болууга чакырат элем. Анткени жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү деле бул пандемияда алдыңкы фронтто жүрөт. Болгон эрежелерди катуу сактап жаттык, коргоочу костюмдарды алдык. Балким ошол үчүн да ушул кезге чейин оорудан алыс болуп келдик. Азыр эрежелерди сактабагандар көбөйдү, биздин кызматкерлерге көп жерде, аэропортто, ооруканаларда да иштөөгө туура келет экен", - деди Үсөн уулу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан