Өкмөт: "7-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жок"

7-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Башка мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарынын арасында коронавирус менен ооругандар жок. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, "Тез жардам" жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөдө.

"Талас облусундагы ооруканага коронавирус менен ооруган чет элдик жаран жаткырылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ал эми мындай билдирүүнү Талас облусунун Манас районунун тургуну таратканы аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rtuiop
2020-03-07 17:48:06
Силерде (бизде кг) ошон аныктай турган чындыка дал келчу бир нерсенер барбы биринчи. Экинчиден качан адам олбойунчо журо беришет. Аэропорта ээси топ 42°температура менен жыгылып аткандар не болду?аларды жашырып атасынарго
+3
futboler
2020-03-07 18:03:57
Кудай жалгап чын болсун жок экени.
+4
JaneEr
2020-03-07 19:14:48
Эмне чет элден келгендерди чекеден анализ алып,тесттен откоруп жатасынарбы ар бирин ошондо?Аныктай элекпиз десенер.
0
talant87
2020-03-07 19:35:13
Иш кылып текшеретурган апарат жакшы иштейби
+1
airada
2020-03-08 03:56:57
Чындап эле жокпу, мен баламды садикке жөнөткөндөн коркуп жатам мүмкүн болуп калмайы деп. Бизде болбой эле койсун. Жаз келип калды коронавирус жок болсо жакшы болмок адамды жүрөк оорулуу кылып бүттү
+1
Kuba-savai87
2020-03-08 10:09:31
Кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан